Түркиянын Транспорт жана инфраструктура министрлиги өлкөдө өрт өчүрүүнүн жаңы доорун баштоону жана өрткө каршы күрөшкө робот-иттерди тартууну көздөп жатат. Бул тууралуу 6-мартта Türkiye гезити жазып чыкты.
«Жаңы технологиянын аркасында робот-иттер ири өнөр жай ишканаларында жана маанилүү объектилерде өрткө каршы иштерин баштайт. 44 өлкөдө иш алып барган швециялык Securitas коопсуздук компаниясы 15 өлкөдө, анын ичинде Түркияда өрт өчүрүү кызматын көрсөтөт», — деп жазат басылма.
Мындай өзгөртүүлөр Болу провинциясындагы лыжа базасында январь айында 78 адамдын өмүрүн алган ири өрттөн кийин жарыяланды.