Каза болгон ханыша Елизавета IIнин тун уулу Чарльз Улуу Британиянын жаңы монархы болду. Жаңы падыша Карл III атын тандап алып, бул анын тактыдагы алгачкы чечими болуп калды.
Улуу Британиянын жаңы падышасы Карл III энесинин көз жумганы анын үй-бүлөсү үчүн чоң кайгы экенин айтып, ханышанын жоктугу дүйнөнүн булуң-бурчунда терең сезилерин белгиледи.
Британ ханышасы кечээ, 8-сентябрда түштөн кийин Шотландиядагы падышалык жайкы резиденциядагы Балморал сарайында 96 жашында көз жумду.