Кечээ, 8-майда Ватикан Рим-католик чиркөөсүнүн жаңы башчысын шайлады. Буга Сикстин капелласынын чатырындагы мордон чыккан ак түтүн жана коңгуроолордун кагылышы далил. Бул тууралуу Би-Би-Си жазды.
Жаңы папанын аты азырынча белгисиз. Жаңы понтифик жакын арада Ыйык Петр соборунун борбордук терезесинде пайда болот деп күтүлүүдө. Добуш берүүнүн төртүнчү турунун жыйынтыгында Рим-католик чиркөөсүнүн жаңы башчысын шайлоо болду. Добуш берүүнүн эки туру шаршемби күнү кечинде жана бейшемби күнү эртең менен өткөрүлдү.