Кечээ, 8-майда Кремлде Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоого Москвага барган чет элдик делегациялардын башчыларына Орусиянын президентинин атынан майрамдык сый тамак берилди.
Түшкү тамак Кремлде болду. Ал жерде концерт да болду. Иш-чаранын жүрүшүндө Владимир Путин Жеңишке жана жеңүүчүлөрдүн муунуна тост көтөрдү.