"Көчмөндөр санаты" эл аралык салттуу музыка фестивалы ачылды
Кечээ, 2-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий-этнографиялык борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында «Көчмөндөр санаты» эл аралык салттуу музыка фестивалынын расмий ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.
Фестивалды Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков расмий ачып, катышуучуларды жана конокторду фестивалдын башталышы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө «Көчмөндөр санаты» VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан «Көчмөндөр ааламы: мезгилдердин байланышы» дүйнөлүк этномаданий фестивалынын маанилүү маданий программаларынын бири экенин белгиледи.
Быйылкы фестивалга дүйнөнүн дээрлик бардык континенттеринен 38 мамлекеттин өнөрпоздору, окумуштуулары жана изилдөөчүлөрү катышууда. Фестиваль салттуу музыкалык искусствону алып жүрүүчүлөрдү, профессионал музыканттарды, илимпоздорду, устаттарды жана жаш өнөр ээлерин бир эл аралык илимий-чыгармачылык аянтчага бириктирди.
Союзбек Надырбеков көчмөн цивилизациясынын музыкалык мурасы кылымдарды карыткан тарыхый эс тутумдун, элдин дүйнө таанымынын, философиясынын жана руханий баалуулуктарынын көркөм чагылдырылышы экенин белгилеп, фестивалдын өзгөчө баалуулугу илим менен өнөрдүн, салт менен заманбаптыктын, мурас менен чыгармачылыктын айкалышында экенине токтолду.
Фестивалдын программасы эл аралык сынакты, илимий-практикалык конференцияны, мастер-класстарды, «Көчмөндөр санаты — Дүйнө кайрыктары» эл аралык чыгармачылык музыкалык баарлашууларын, концерттик программаларды, «NOMADIC HERITAGE» студиясындагы подкаст-интервьюларды жана аудиовизуалдык жазууларды, ошондой эле жыйынтыктоочу Гала-концертти камтыйт.
Фестивалдын негизги иш-чараларынын бири — оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствону алып жүрүүчүлөрдүн эл аралык сынагы. Ал үч багыт боюнча өткөрүлөт:
2-сентябрь — «Дастан» күнү — айтуучулук багыты;
3-сентябрь — «Күү» күнү — аспаптык багыт;
4-сентябрь — «Ыр» күнү — аваздык-аспаптык багыт.
Сынактын жүрүшүндө ар башка элдердин эпикалык айтуучулук салттары, аспаптык мектептери, ырчылык өнөрү, улуттук музыкалык аспаптары жана аткаруучулук тажрыйбалары бир сахнада көрсөтүлөт. Жеңүүчүлөрдү эл аралык калыстар тобу аныктап, Баш байге, I, II жана III орундар ыйгарылат.
Фестивалдын маанилүү багыттарынын бири — жандуу аткаруучулук тажрыйба менен илимий изилдөөнү айкалыштыруу. 3-4-сентябрда «Көчмөн цивилизациялар: мурас, парадигмалар жана келечек» эл аралык илимий конференциясынын алкагында «Дүйнөдөгү көчмөн элдердин маданий мурасы: сактоо, изилдөө жана өнүктүрүү» аталышындагы илимий-практикалык конференция өтөт. Ошондой эле фестивалдын алкагында салттуу музыкалык искусствонун көрүнүктүү өкүлдөрүнүн мастер-класстары уюштурулуп, кылымдардан бери уланып келген «устат–шакирт» салтына өзгөчө көңүл бурулат.
«NOMADIC HERITAGE» атайын боз үй студиясында салттуу музыка алып жүрүүчүлөрдүн аткаруулары аудио-видео форматта жазылып, музыканттар жана окумуштуулар менен подкаст-интервьюлар өткөрүлөт. Материалдарды келечекте илимий изилдөөдө, билим берүүдө жана салттуу музыкалык искусствонун эл аралык аудиовизуалдык архивин түзүүдө пайдалануу каралган. «Көчмөндөр санаты» эл аралык салттуу музыка фестивалы 2-5-сентябрь күндөрү өтүп, жыйынтыктоочу Гала-концерт менен аяктайт.
Фестивалдын негизги максаты — көчмөн элдердин салттуу музыкалык искусствосун жандуу профессионалдык мурас катары сактоо, изилдөө жана өнүктүрүү, устаттардын тажрыйбасын кийинки муундарга өткөрүп берүү, ошондой эле дүйнө элдеринин ортосундагы чыгармачылык жана илимий кызматташтыкты бекемдөө.