Кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышынын биринчи күнү жыйынтыкталды
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышынын биринчи күнү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.
Чыгармачылык таймашка Кыргызстан жана Казакстандан келген төкмө акындар катышып, өздөрүнүн сөз тапкычтыгын, чечендигин жана төгүлмө өнөрүн көрсөтүштү. Айтыш учурунда акындар кыргыз-казак элдеринин тарыхын, маданиятын, каада-салтын жана бүгүнкү күндүн актуалдуу маселелерин ыр саптарына салышты.
Биринчи күндүн жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен төмөнкү сегиз акын кийинки баскычка жолдомо алды:
1. Мухтар Ниязов
2. Мейирбек Султанхан
3. Нурлан Эсенкулов
4. Хазырет Бердихан
5. Элмирбек Иманалиев
6. Акматбек Султан уулу
7. Кутман Садыбакасов
8. Нурсултан Малдыбаев
Айтыштын экинчи күнү 3-сентябрда саат 17:00дө, ал эми финалдык беттеш 4-сентябрда саат 13:00дө Кырчын жайлоосунда өтөт.