Abank july
SerepTV Logo

Николь Шерзингер Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында ырдайт

Николь Шерзингер Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында ырдайт

Бишкекте өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде дүйнөлүк жылдыз Николь Шерзингер өнөр тартуулайт. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

Шерзингер The Pussycat Dolls тобунун солисти жана дүйнөгө белгилүү «Don’t Cha», «Buttons» жана «When I Grow Up» ырларынын аткаруучусу катары таанымал.

Концерттик программага ошондой эле кыргыз эстрадасынын белгилүү жылдыздары да катышат.

Оюндардын расмий ачылыш аземи 31-августта «Бишкек Аренада» өтөт.

SEREP MEDIA