«Nomad Fest» эл аралык музыкалык-этнографиялык фестивалынын ачылыш аземи өттү
Кечээ, 2-сентябрда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында «Дордой-Номад» комплексинде «Nomad Fest» эл аралык музыкалык-этнографиялык фестивалы расмий ачылды.
Фестивалды Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков ачып, катышуучуларды жана конокторду куттуктады. Ал өз сөзүндө «Nomad Fest» көчмөн цивилизациясынын баалуулуктарын, улуттук маданиятты жана заманбап этно-өнөрдү бир аянтчага бириктирген маанилүү эл аралык маданий долбоор экенин белгиледи.
«Маданият — элдерди жакындаткан, тынчтыктын жана достуктун эң күчтүү куралы. Ушундай масштабдуу иш-чаралар аркылуу биз көчмөн рухун даңазалап, маданий мурасыбызды келечек муунга сыймык менен өткөрүп беребиз», — деди Союзбек Надырбеков.
Ачылыш аземинде «Манас» эпосунун негизинде даярдалган «Манастын кырк чоросунун асман тулпарлары» аттуу театралдаштырылган композиция тартууланып, кыргыз элинин баатырдык руху, биримдиги жана тарыхый-маданий мурасы даңазаланды. «Nomad Fest» 2-5-сентябрь күндөрү өтөт. Төрт күн бою көрүүчүлөргө улуттук кол өнөрчүлүк, фольклор, музыка, бий, этно-мода жана заманбап этно-өнөрдү камтыган кеңири программа сунушталат. Фестивалдын алкагында «Этно-мода», «Этно-бий», «Көчмөн – жылдыздар» жана «Элдик кол өнөр» багыттары боюнча чыгармачылык сынактар өтүп, жыйынтыгында жеңүүчүлөрдүн катышуусунда гала-концерт жана сыйлоо аземи уюштурулат.
Фестивалдын идеясынын автору жана концепциясынын башкы режиссёр-постановщиги — Кыргыз Республикасынын Эл артисти Нурлан Асанбеков.