Бүгүн, 18-мартта журналист Махинур Ниязова 24.kg редакциясынан кеткенин соцтармактагы барачасында билдирип, ашыкча сөз болбош үчүн эмне үчүн мындай чечимге барганын жазды.
- Мындан ары 24.kg’де иштебейм;
- Мен маалымат агенттиги башкага өтүп кеткендердин жанында атымдын аталышын каалабайм;
- Бул эмоция эмес, бул принцип. Ошондой эле жалганга чыдабайм;
- Менин макалам үчүн козголгон кылмыш иши боюнча жооп берүүгө даярмын;
- Качкан жокмун жана соодалашкан жокмун;
- Келишим тууралуу мага суроо бербегиле. Мен эч кандай бенефит алган жокмун;
- Алган адам жакшы кабарды өзү жазат деп ойлойм.
Махинур Ниязова буга чейин аталган сайттын жетекчилигине карата козголгон кылмыш ишинде күбө катары өтүп жаткан.