Дүйшөмбү, 16.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР

«40 эркекке салып берем». Сокулукта 9 жигит зордуктап жүргөн 13 жаштагы кыздын апасы акыйкаттык издейт

13:57 20.03.2024
0
«40 эркекке салып берем». Сокулукта 9 жигит зордуктап жүргөн 13 жаштагы кыздын апасы акыйкаттык издейт

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева бир жылдай убакыттан бери системалуу түрдө 9 эркек тарабынан зордукталып жүргөн 13 жаштагы кыздын укуктарын коргоону камсыз кылуу үчүн Башкы прокурордон, ошондой эле ИИМ жетекчилигинен тез арада чара көрүүнү талап кылды.

Бүгүн, 20-мартта кыздын ата-энеси Акыйкатчынын жеке кабылдамасында болуп, жашы жете элек кызынын укугун коргоп берүүнү өтүнгөн. Алар укук коргоо органдары күнөөлүү адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн чара көрбөй жатышканын айтып арызданышкан.

Кыздын апасы ыйлап, алардын үй-бүлөсүн жашы жете элек кызын зордуктап жүргөн балдардын туугандары коркутуп, кысым көрсөтүп жатышканын айтып берди. Апасынын айтымында, Сокулукта 2023-жылдын апрель айынын бери анын 13 жаштагы кызын 19-22 жаштагы 9 жигит системалуу түрдө зордуктап жүргөн. Алар кызды зордуктап, «эч кимге айтпа» деп коркутушкан. Кыз ата-энесине айткандан коркуп, бул убакыттын ичинде ал үч жолу өз жанын кыюууга аракет кылган. Ушул жылдын январь айында кыз дайынсыз жоголуп, 20 күндөн кийин гана табылган.

Жоголгон кыз табылгандан кийин, балдар менен иштөө инспекциясынын тескөөчүсүнө кандай кордуктан өткөнүн айтып берген. Ошондо гана кыздын ата-энеси окуя тууралуу билип, милицияга арыз жазышкан.

«Бирок Сокулук РИИБ тарабынан, жабыр тарткандардын айтуусу боюнча, ушул жылдын февраль айынан бери күнөөлүү адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча аракеттер көрүлбөй жатат. 13 жашар кызды 2023-жылы апрель айында 20 жаштагы жигит алдап унаасына салып кетип, шаардын четине алып барып зордуктаган. Кызды окуя тууралуу бирөөгө айтсаң 40 эркекке салып берем деп коркуткан. Андан кийин талаада жалгыз таштап кеткен. Анан кайра келип, кызды нес абалда Сокулукка алып келип, досуна үйүнө жеткирип кой деп таштап кеткен», — деп айтылат маалыматта.

“Бул окуядан кийин кызымдын жашоосу талкаланды. Аны мектептин же үйдүн жанында жигиттер аңдып, коркутуп-үркүтүп, машинага отургузуп кетип жүрүшкөн. Ата-энеңе айтып беребиз деп коркутуп зордукташкан. Кызымды 9 жигит колдон колго өткөрүп беришкен. Алар жыл бою системалуу түрдө кызымды коркутуп-үркүтүп эч кимге айттырбай зордуктап жүрүшкөн», — деп аял кызынын кандай кордук көргөнүн ыйлап айтып берген.

Кыздын ата-энеси кызын сактап калууга жана адилеттик табууга аракет кылууда. «Кыздын психологиялык абалы оор, ага атайын адистердин жардамы керек болгон. Ал учурда ооруканада. Жашы жете элек кыздын ата-энеси күнөөлүүлөргө карата кылмыш иши козголдубу жана алар жоопкерчиликке тартыларын билбейт.

Бул учурда кызды системалуу түрдө зордуктап жүргөн жигиттердин туугандары жабырлануучунун үй-бүлөсүнө кысым көрсөтүшүп, коркутуп-үркүтүп келишкен. Үй-бүлөдөгү башка балдарга да коркутуулар болгон. Ошондой күнөөлүү балдардын биринин иниси мектепте окуя тууралуу ушак тараткан үчүн кыздын сиңдисин балдар шылдыңдап, ага карата да кысым болуп жатат. Кыздын апасы бардык күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууга жардам берүүнү суранат», — деп айтылат маалыматта.

«Алар менин кызымдын тагдырын талкалашты. Ал үч жолу өз өмүрүн кыюуга аракет кылды. Бул зөөкүрлөр мыйзамдын бардык катаалдыгы менен жазалансын. Алар адам эмес! Алар башка кыздардын да тагдырын талкалашы мүмкүн», — деп ыйлаган аял.

Акыйкатчы институтунун маалыматы боюнча, Сокулукта дагы эки жашы жете элек кыздын боюна бүтүп, 9 жигиттин бири алардын бири менен нике кыйдырган. Экинчи кыз таенеси менен жашайт, ата-энеси мигрант.

Акыйкатчы кыздын укуктарын жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн токтоосуз чара көрүү талабы менен тиешелүү мамлекеттик органдарга расмий каттарды даярдап жатат.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды

Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:15 12.03.2026
0

Кечээ, 11-март күнү саат 12:20да Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу кабар келип түшкөн. Анда У.В. аттуу жаран Кара-Балта шаарындагы...

Бишкекте кайгуул кызматкерлери зордуктоо кылмышына шектелген жүк ташуучу унаанын айдоочусун кармашты

Бишкекте кайгуул кызматкерлери зордуктоо кылмышына шектелген жүк ташуучу унаанын айдоочусун кармашты

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:42 12.03.2026
0

10-март күнү саат 20:35 чамасында «102» кызматына белгисиз жүк ташуучу унаанын айдоочусу 2006-жылы туулган А.Б.К. аттуу жаранга карата зордуктоо кылмышын...

«УКМК тарабынан кармалды, арыз жазам деп коркуткан». Бишкекте 50 миң доллар талап кылууга шектүү кармалды

«УКМК тарабынан кармалды, арыз жазам деп коркуткан». Бишкекте 50 миң доллар талап кылууга шектүү кармалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:37 12.03.2026
0

Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгына З.С. аттуу жаран жазуу жүзүндө арыз менен кайрылып, анда А.И.ге карата чара...

Бийликти каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган посттор… ИИМ журналист камакка алынганын билдирди

Бийликти каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган посттор… ИИМ журналист камакка алынганын билдирди

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:27 12.03.2026
0

9-мартта социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында «Facebook» социалдык тармагындагы «Даниэль Жоошбаев» аттуу аккаунт колдонуучусу аркылуу Кыргыз Республикасынын бийлигин каралоого жана...

УКМК экс-депутат Куванычбек Конгантиевдин кармалышы боюнча маалымат таратты

УКМК экс-депутат Куванычбек Конгантиевдин кармалышы боюнча маалымат таратты

Автор СЕРЕП МЕДИА
18:13 11.03.2026
0

УКМК тарабынан коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында кечээ, 10-мартта 1980-жылы туулган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты К.К.К.га карата кылмыш иши козголду. Тергөө...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү