Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү, экс-депутат Аида Касымалиеванын ата-энеси 17-июлда Ысык-Көлдө жол кырсыгынан көз жумган. Унаада неберелери да болгон. 9 жаштагы эгиздер, 14 жаштагы өспүрүм жол кырсыгынан каза болгон.
Ысык-Көл райондук сотунун 18-мартындагы өкүмү менен экинчи унаадагы жаран Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгү менен күнөөлүү деп таанылган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгү боюнча 3 жылга автомототранспорт каражаттарын айдоо укугунан ажыратуу менен 8 жылга эркиндигинен ажыратылган.
«Айыпталуучунун камак түрүндөгү бөгөт коюу чарасы өзгөртүүсүз калтырылган. Жабырлануучунун пайдасына 712 989 сом материалдык зыян өндүрүлгөн. Ошондой эле, 6 миллион сом моралдык залал компенсацияланган», — деп айтылат маалыматта.
Соттолгон жарандын апасы айрым жагдайлар эске алынган эмес деп эсептейт. Ал өлкө башчысы Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, ишти көзөмөлгө алууну суранды.