6-мартта Балыкчыда ээн имараттан баштыкка салынган ымыркайдын жансыз денеси табылган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден анын энеси табыла электигин билдиришти.
«Тергөө иштери жүрүп жатат. Энеси табыла элек дешти»,- алар.
Ымыркайдын жансыз денеси кара баштыкка салынып, ыргытылган жеринен жергиликтүү тургундар көрүшүп, милиция кызматкерлерин чакырышкан.