«Базар-Коргон суу канал» муниципалдык ишканасынын жетекчилиги абоненттердин акчасын ыйгарып алгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Аталган ишкананын директору, башкы инженери жана техникалык адиси шаардын авариялык делген суу түтүктөрүн оңдоо жана алмаштыруу керек деген шылтоо менен инспекторлордон мыйзамсыз акча чогултуп, чогулган каражаттарды өз ара бөлүшүп жүрүшкөн. Андан соң, жасаган кылмыштуу аракеттерин жаап жашыруу максатында, акча каражаттарын жалган, фиктивдүү ыкмаларды колдонуу жолу менен эсептен чыгарып турушкан.
21-апрелде ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында, аталган адамдар кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо үчүн «Базар-Коргон суу канал» муниципалдык ишканасынын каржы-чарбалык ишмердүүлүгүнө аудитордук текшерүү иштери дайындалды.