6-ноябрда Бишкек ШИИБге У.А. аттуу жаран кайрылган. Жабырлануучунун айтымында, белгисиз адамдар өздөрүн УКМКнын, Улуттук банктын, Антикоррупциялык кызматтын жана ИИМдин тергөөчүсү катары тааныштырышкан. Аны «атайын аскердик операцияны жана террордук уюмдарды каржылоого катышың бар экен» деп алдап, Бишкектеги банкоматтар аркылуу 7, 5 миллион сом акчасын которуп алышкан.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, 10-ноябда шектүүлөр кармалган. Алар 2007-жылы туулган жана 2004-жылы туулган жарандар. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Белгилүү болгондой шектүүлөр Telegram канал аркылуу банк карталарын сатып алып, аларды үчүнчү адамдардын атына каттап, алдамчылык схемаларында колдонуу үчүн өткөрүп берүү менен алектенишкен. Ошентип, алар кибер алдамчылык жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо фактыларына көмөк көрсөтүшчү.
Учурда бул кылмыш схемага катышы башка адамдарды аныктоо улантып жатат.












