Бишкекте эки унаа сүзүшүп, жүргүнчү аял каза болду
Бишкекте жол кырсыгы катталып, бир жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 25-сентябрда саат 07:45 чамасында болгон. 1993-жылы туулган айдоочу Honda Aria унаа менен Бишкек — Кашка-Баш жолунда бара жатып, Hyundai Sonata унаасы менен сүзүшкөн.
Кесепетинен Honda Aria унаасынын 1972-жылы туулган жүргүнчүсү (аял киши) каза болду. Айдоочулар ар кандай жаракаттары менен ооруканага жеткирилди.
https://serep.kg/wp-content/uploads/2025/09/whatsapp-image-2025-09-25-at-11.54.09-1.jpeg" alt="" width="1080" height="798" />
https://serep.kg/wp-content/uploads/2025/09/whatsapp-image-2025-09-25-at-11.54.10-1.jpeg" alt="" width="1080" height="812" />