Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Васильевка айылынан өткөн Чу дарыясына түшүп кеткен 35 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын жубайы билдирди.
Анын айтымында, жолдошунун сөөгү бүгүн, 21-апрелде жерге берилет.
ӨКМ маалымат таратып, 20-апрель күнү Чу дарыясына түшүп кеткен 35 жаштагы жарандын жансыз денеси табылып, ӨКМ куткаруучулары тарабынан суудан чыгарылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилгенин билдирди.