Чүйдө өспүрүм кызга кол салган шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга кыздын апасы кайрылган. 10-октябрда саат 18:00 чамасында Садовое айылындагы көчөлөрдүн биринде 14 жаштагы кызды эркек киши жерге жыгып, муунта баштаган. Аталган факты боюнча адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1994-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган.











