Шейшемби, 16.12.2025
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР

Чүйдө көлмөгө кирип кеткен унаадагы 6 бала мерт кетти. Айдоочу кармалды

09:14 21.06.2024
0
Чүйдө көлмөгө кирип кеткен унаадагы 6 бала мерт кетти. Айдоочу кармалды

Жайыл районунда жол эрежесин одоно бузган жаран камакка алынды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Кечээ, 20-июнда саат 19:00 чамасында милицияга Жайыл районуна караштуу Алтын айылынын түндүк тарабында жайгашкан №3 көлүнөн Фольксваген Жетта үлгүсүндөгү унаасы чөгүп, ичиндеги жүргүнчү катары бара жаткан наристелер каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Бул маалымат Жайыл РИИБдин электрондук маалымат каттоо китебине катталып, алдын ала тергөө иштери жүргүзүлө башталган.

Окуя боюнча ыкчам-тергөө тобу аталган жерге барган учурда төмөндөгүлөр аныкталган. Саат 13:00 чамасында Кара-Балта шаарынын Крупский көчөсүнүн тургуну 1984-жылы туулган Г.Т. өзүнүн Фольксваген Жетта үлгүсүндөгү унаасы менен жубайы 1998-жылы туулган Б.О. жана жашы жете элек 2017-жылы туулган Б.В., 2018-жылы туулган Б.К., 2020-жылы туулган Б.Т., 2024-жылы туулган Г.Р. жана балдызы 1997-жылы туулган Б.О., анын жашы жете элек балдары 2015-жылы туулган Б.В., 2018-жылы туулган Б.А., 2019-жылы туулган Б.Р. жана 2017-жылы туулган Б.С. аттуу балдары менен Жайыл районунун Алтын айылында жайгашкан №3 көлмөгө сууга түшүүгө барышкан. Ошол жерден айдоочу спирт ичимдигин ичип, саат 18:30 чамасында мас абалында өзүнүн унаасы менен бурулуп жатып, дөңсөөдөн оодарылып, ичиндеги жүргүнчүлөр менен сууга түшүп кеткен. Унаанын ичинен айдоочу Г.Т., келинчеги Б.О., ымыркай кызы 2024-жылы туулган Г.Р., балдызы Б.О. жана анын кызы 2017-жылы туулган Б.С. унаадан чыгышып, калган жүргүнчүлөр көлмөгө чөгүп каза болушкан.

Аталган факты боюнча окуя болгон жерден калган жүргүнчүлөрдүн жансыз денелери суудан чыгарылып, соттук-укуктук экспертизалар дайындалган. Алдын ала териштирүү учурунда чогултулган материалдардын негизинде бул факт боюнча 312-беренеде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда айдоочу аталган жерде “сууга түшүүгө болбойт” деген эскертүүгө карабастан, сууга түшүп мас абалында унаага олтуруп башкарып жол кырсыгына кабылгандыгы, анын натыйжасында өспүрүмдөрдүн каза болгондугуна алып келгендигине байланыштуу шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

«2 кружка пиво ичкем» Кызматтан бошотулган министр мас абалында кайгуулга кармалган

«2 кружка пиво ичкем» Кызматтан бошотулган министр мас абалында кайгуулга кармалган

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
20:32 15.12.2025
0

Соцтармакта бүгүн иштен алынган Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов мас абалында жол кайгуул милициясына түшүп калган...

Казыяттын мурдагы кызматкери кармалды

Казыяттын мурдагы кызматкери кармалды

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
15:23 15.12.2025
0

Ички иштер министрлиги баш аламандыкка шектелип кармалган казыяттын мурдагы кызматкери менен мурдагы депутат Шайлообек Атазовдун унаанын ичиндеги сүйлөшүп жатышкан видеосун...

Бишкектеги «Азиз» базардан өрт чыкты

Бишкектеги «Азиз» базардан өрт чыкты

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
10:12 15.12.2025
0

Бүгүн, 15-декабрь күнү Бишкектин Махатма Ганди көчөсүндө жайгашкан "Азиз" базарында контейнерден өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. "Өрттү өчүрүүгө жалпы...

«16 жаштагы кызын сабады» деген шек менен атасы кармалды

«16 жаштагы кызын сабады» деген шек менен атасы кармалды

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
09:38 15.12.2025
0

“16 жаштагы кызына кол көтөрдү” деген шек менен атасы кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. Маалыматка ылайык, 14-декабрда Т.Б. аттуу...

Аскер кызматкери 65 жаштагы эркек кишини сүзүп кетип, ал жеринде каза болду

Аскер кызматкери 65 жаштагы эркек кишини сүзүп кетип, ал жеринде каза болду

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
20:58 14.12.2025
0

Бүгүн, 14-декабрда Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Таш-Мойнок айылында аскер кызматкерлеринин катышуусунда кырсык катталып, 65 жаштагы жаран каза болду. Маалыматка ылайык,...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
«2 кружка пиво ичкем» Кызматтан бошотулган министр мас абалында кайгуулга кармалган

«2 кружка пиво ичкем» Кызматтан бошотулган министр мас абалында кайгуулга кармалган

20:32 15.12.2025
«16 жаштагы кызын сабады» деген шек менен атасы кармалды

"16 жаштагы кызын сабады" деген шек менен атасы кармалды

09:38 15.12.2025
Жаңы жылдык эс алуу 12-январга чейин уланат. Президент кол койду

Жаңы жылдык эс алуу 12-январга чейин уланат. Президент кол койду

10:41 15.12.2025
Насыя алууга өзүңүзгө өзүңүз кантип тыюу сала аласыз? Видеодон үйрөнүңүз

Насыя алууга өзүңүзгө өзүңүз кантип тыюу сала аласыз? Видеодон үйрөнүңүз

21:30 15.12.2025
«2 кружка пиво ичкем» Кызматтан бошотулган министр мас абалында кайгуулга кармалган

«2 кружка пиво ичкем» Кызматтан бошотулган министр мас абалында кайгуулга кармалган

20:32 15.12.2025
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов кызматтан кетти

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов кызматтан кетти

20:22 15.12.2025

АРХИВ

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
« Ноя    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү