Ишемби, 13.12.2025
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР

ИИМ: «Энесинин жана орусиялыктын өлүмүнө шектелген жаранга Таласта жасалма паспорт беришкен»

09:36 10.01.2025
0
ИИМ: «Энесинин жана орусиялыктын өлүмүнө шектелген жаранга Таласта жасалма паспорт беришкен»

Оор кылмышка айыпталган адамга мыйзамсыз паспорт берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Талас облусунун райондорунун биринин паспорт, виза жана каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери (азыркы Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Калкты каттоо департаментинин базасында түзүлгөн «Кызмат» мамлекеттик мекемеси) жасалма документ даярдаган деп шектелүүдө.

Белгиленген маалыматтар боюнча 2012-жылы паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнүн айрым кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун адамдын атын өзгөртүп, жасалмалап, 1981-жылы туулган И.Ага мыйзамсыз беришкен.

Кийинчерээк текшерүү учурунда мындай сериядагы паспорт мурда башка жаранга берилгени белгилүү болгон. Бул 1994-жылкы үлгүдөгү мурда жок кылынган паспортту Мамлекеттик каттоо кызматында паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнүн кызмат адамдары экинчи жолу пайдаланышкан, башкача айтканда документ башка адамга же бул учурда издөөдө жүргөн кылмышкерге жаңы паспорт берүү негиз болгон.

2008-жылдын август айында түндө Чүй облусунун Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө киши өлтүрүү фактысы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерден 1962-жылы туулган аял кишинин киши колдуу болгону аныкталган. Бул факты боюнча өлтүрүлгөн аялдын баласы 1985-жылы туулган Р.Б. аттуу жаран шектүү катары өтүүдө.

Шектүүгө издөө жарыяланып, бирок анын жүргөн жерин аныктоо мүмкүн болбой, чет өлкөгө качып кеткен. Ал эми 16 жылдан кийин гана оор кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн 1985-жылы туулган Р.Б. 2012-жылы башка жарандын атына жаңы паспорт алганы аныкталган.

Бул факты боюнча «Кызмат» мамлекеттик мекемеси ИИМден түшкөн каттын негизинде кызматтык иликтөө жүргүзгөн.

Ошондой эле, аталган жаран Орусиянын аймагында дагы бир оор кылмыш жасагандыгы белгилүү болгон. Тактап айтканда, 2022-жылдын ноябрында Санкт-Петербург шаарында болгон окуяда ал батирдин ээси 27 жаштагы кызды сабап өлтүргөн. Сот тарабынан 1981-жылы туулган И.А. аттуу жаран киши өлтүргөндүгү боюнча соттолгон. Ал жазасын Орусиянын аймагында өтөйт.

Бул жаранды текшерүү учурунда документтеринин баары таза болгон. Маалым болгондой, ал убакта өз өлкөсүндө изделип жаткан адам буга чейин экинчи жолу жаңы паспорт алган. Көрсө, ал 2022-жылы чет өлкөдөн келип, 2012-жылы алган эски паспортунун «жарактуулук мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу» ордуна кайрадан Кыргыз Республикасынын жаранынын жаңы паспортун алып, андан кийин кетип калган.

Бирок, 2024-жылдын аягында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери оор кылмыш үчүн издөөдө жүргөн адамдын изине түшүшкөн. Топтолгон материалдардын негизинде, Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 3-бөлүмү (Документтерди жасалмалоо) менен кылмыш иши козголгон.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынан билдиришкендей, учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бардык зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Документтерди жасалмалоо жана мыйзамсыз паспорт берүү фактылары боюнча Талас облусунун райондорунун биринин (азыркы «Кызмат» мамлекеттик мекемеси) паспорт-виза жана каттоо бөлүмүнүн мурдагы жана азыркы кызматкерлери алып келинип, териштирилүүдө.

Тергөө иштерин Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүүдө.

 

1 / 3
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Бишкекте “жолуңду ачып берем” деп 43 миң долларын алган көзү ачык кармалды

Бишкекте “жолуңду ачып берем” деп 43 миң долларын алган көзү ачык кармалды

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
13:09 13.12.2025
0

Бишкекте “жолуңду ачып берем деп” 43 миң долларга алдаган көзү ачык кармалды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы...

Сот Айбек Теңизбайды эки айга камакка алды

Сот Айбек Теңизбайды эки айга камакка алды

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
12:49 13.12.2025
0

Бишкектин Биринчи май райондук соту кечээ, 12-декабрда активист Айбек Теңизбайды эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Айбек Теңизбай Бишкектеги №1...

1,5 миллион сомго “акыл эси жайында эмес” деген кортунду жазып берген психиатрлар кармалды

1,5 миллион сомго “акыл эси жайында эмес” деген кортунду жазып берген психиатрлар кармалды

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
12:52 12.12.2025
0

УКМК өзгөчө оор кылмыштар боюнча айыпталган адамдарга карата акчалай компенсация алуу үчүн "акыл-эси жайында эмес" деген корутунду чыгарып, кылмыш жоопкерчилигинен...

Соцтармактагы билдирүүлөрү үчүн автор камакка алынды

Соцтармактагы билдирүүлөрү үчүн автор камакка алынды

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
12:30 12.12.2025
0

Социалдык тармактардагы улуттар аралык мүнөздөгү чагымчыл билдирүүлөрдү жазган автор кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. “Социалдык тармактарда белгилүү бир улутка карата...

ЖАМК: «Аскат Жетигенди мөөнөтүнөн мурда бошотуу мүмкүн эмес»

ЖАМК: «Аскат Жетигенди мөөнөтүнөн мурда бошотуу мүмкүн эмес»

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
09:53 10.12.2025
1

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы (ЖАМК) камактагы ырчы Аскат Жетигенди мөөнөтүнөн мурда бошотууга мыйзам жол бербей турганын билдирген. Бул тууралуу жергиликтүү...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Бишкекте “жолуңду ачып берем” деп 43 миң долларын алган көзү ачык кармалды

Бишкекте “жолуңду ачып берем” деп 43 миң долларын алган көзү ачык кармалды

13:09 13.12.2025
Сот Айбек Теңизбайды эки айга камакка алды

Сот Айбек Теңизбайды эки айга камакка алды

12:49 13.12.2025
Президенттин катышуусунда «Мурас» достук футбол турнири башталды

Президенттин катышуусунда "Мурас" достук футбол турнири башталды

12:34 13.12.2025
Бишкекте “жолуңду ачып берем” деп 43 миң долларын алган көзү ачык кармалды

Бишкекте “жолуңду ачып берем” деп 43 миң долларын алган көзү ачык кармалды

13:09 13.12.2025
Сот Айбек Теңизбайды эки айга камакка алды

Сот Айбек Теңизбайды эки айга камакка алды

12:49 13.12.2025
Президенттин катышуусунда «Мурас» достук футбол турнири башталды

Президенттин катышуусунда "Мурас" достук футбол турнири башталды

12:34 13.12.2025

АРХИВ

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
« Ноя    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү