Жалал-Абад шаарында 11 жаштагы кызды уурдоого шектүү катары 42 жаштагы жаран камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
15-август күнү Жалал-Абад ШИИБге Жалал-Абад шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда 15-август күнү саат 11:00 чамасында 2015-жылы туулган кызы өзү жашап жаткан үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген. Аталган маалымат Жалал-Абад ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.
Жалал-Абад ШИИБдин кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында, ошол эле күнү кечки саат 18:30 чамасында 2015-жылы туулган кыз Ош облусунун Кара-Суу районунан табылып, ата-энесине жеткирилип берилди.
16-август күнү Жалал-Абад ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (адам уурдоо) менен катталып, кылмыш ишине шектүү катары Ош облусунун Кара-Суу районунун 1983-жылы туулган тургуну кармалып, камакка алынган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.








