Ош облусунун Кара-Суу районундагы Баш-Булак айыл аймагында студент кыз өз жанын кыйды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 29-мартта Кара-Суу РИИБге 2009-жылы туулган кыз өзүн-өзү асып көз жумганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты каттоого алынып, текшерүү иштери башталган. Жансыз денени кароо учурунда криминалдык тактар байкалган эмес.
Маркумдун ата-энеси эч кимге доосу жок экенин айтып, экспертизадан баш тартышкан. Кыз Оштогу колледждин студенти болгону маалымдалды.