Кызыл-Кыя шаарында түн ичинде уурулук жасап жүргөн адам видеобайкоонун жардамы менен кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
Кызыл-Кыяда февраль айынын аягынан март айынын башына чейинки аралыкта жашоочулардын үйүнө, дүкөнүнө түн ичинде кулпусун бузуп кирип велосипед, акча жана башка буюмдарын уурдатып жаткандыгы боюнча маалыматтар алынат. Жалпысынан 7 жаран милицияга кайрылып, Кызыл-Кыя ШИИБге Кылмыш жаза кодексинин 205-беренесинин негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө жабырлануучуларга жалпысынан 150 миң сом зыян келтирилгендиги аныкталган. Кылмышка шектүү Ош шаарынын 33 жаштагы тургуну видеобайкоолордун жардамы менен аныкталып, Ош шаарынан кармалды.