9-октябрда Биринчи Май райондук соту «Мадина» базарынын кожоюну Турсунтай Салимовду камакта калтырды.
Ал 9-декабрга чейин УКМКнын СИЗОсуна камакта болот. Сотко “Тез жардам” келип, аны ооруканага алып кетти. Анын ооруканага жаткырылганы же жаткырылбаганы азырынча белгисиз.
Турсунтай Салимов аны маркум Камчы Көлбаев менен эч нерсе байланыштырбай турганын айтты. Анын айтымында, ал Көлбаевден 18 жаш улуу жана экөө кошуна болушкан. Ал ошондой эле кудасы деген маалыматты да четке каккан.
Салимов Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси («Уюшкан топ түзүү же ага катышуу») боюнча шектелүүдө.