«Манас» эл аралык аэропортунан Интерполдо издөөдө жүргөн 26 жаштагы жаран кармалды. Ал Казакстанда алдамчылык боюнча айыпталып, издөөдө жүргөн. Ал уюлдук телефон аркылуу банк кардарларын 183 миллион теңгеге алдаган кылмыштуу топтун башчысы. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.
Маалыматтарга караганда, 2023-жылы Б.А., А.А., К.А. жана Х.Д. курамындагы кылмыштуу топ банктын кардарларынын каражаттарын уурдоого алдамчылык схемасын уюштурушкан. Уюлдук телефонду колдонуп, беш жабырлануучунун ишенимине киришкен. Кылмыш ишинин жүрүшүндө топтун катышуучулары алдамчылык планын иштеп чыгып, ар биринин аткарган иштери бөлүштүрүлгөн. Анын ичинде «Манас» аэропортунан кармалган Б.А. координатордун функцияларын аткарган. Шериктештеринин ортосундагы байланышты камсыз кылып, алардын аракеттерин жөнгө салган жана схеманын ишке ашырылышын көзөмөлдөгөн. Жабырлануучулардын 183 миллион 14 миң теңге суммасындагы каражаттары жасалма эсептерге которулуп, андан соң криптовалюталык капчыктар аркылуу акчага айландырылган.
Кармалган жаран УКМКнын жана ИИМдин кызматкерлери тарабынан Сокулук РИИБдин тергөө кызматына жеткирилди.