Бишкек ШИИБдин милиция кызматкерлери тарабынан массалык башаламандыкка чакырыктарга жана улуттар аралык кастыкты козутууга шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
“Социалдык тармакта мониторинг жүргүзүү учурунда, Фейсбук социалдык тармагынан кыргыз-тажик чек арасы боюнча жалган маалыматтарды таратып, коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу менен Кыргыз Республикасынын аймагында массалык баш аламандыктарды уюштурууга багытталган чакырыктарды, ошондой эле коңшу өлкөлөрдүн жана Кыргыз жарандарынын ортосундагы улуттар аралык кастыкты козуткан аракеттерди жасаган Канышай Мамыркулова аттуу колдонуучу аныкталган.
Маалымат соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусу менен тастыкталып, борбордук милициянын Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандыктар) менен кылмыш кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында 1975-жылы туулган шектүү аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ушул эле жаран мурда орун алган кыргыз-өзбек республикаларынын ортосундагы чек ара маселелери боюнча дагы коомчулукту адаштырып, коомдук-саясий кырдаалды курчутуп, ал боюнча дагы учурунда жоопкерчилиги каралган. Учурда бул кылмыштуу аракеттерге катыштыгы бар атуулдарды аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам-иликтөө иштери улантылууда”, — деп айтылат маалыматта.