Өлкөгө 100 коробкага салынган дары-дармекти мыйзамсыз алып кирип келе жаткан жаран кармалды. Коробкаларга 176 аталыштагы препарат салынып, анын баасы 4 миллион сомдон ашуунду түзөрү айтылды. Жүктүн эч кандай уруксат берген документтери жок болуп чыккан.
Жогорудагы иш боюнча бардык документтер УКМК тарабынан Финполго өткөрүлүп берилген.