Орусиянын Якутск шаарында 1992-жылы жана 1990-жылы туулган кыргызстандык жубайлар көмүр кычкыл газына ууланып, каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
«Кыргыз Республикасынын Якутск шаарындагы элчилигинин кеңсесинде маркумдун жакын тууганы менен жолугушуу болуп, ага сөөктөрдү Кыргыз Республикасына алып кетүү боюнча чыгымды жабуу үчүн мамлекеттен бир жолку жөлөк пул алуунун тартиби түшүндүрүлдү жана тийиштүү зарыл документтер кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.
Маалыматка караганда, каза болгон жубайлардын жашы жете элек баласы бар, ага Якутск шаарында жүргөн чоң энеси жана агасы кам көрүүдө. Бул маселе Орусия Федерациясындагы элчилигинин Якутск шаарындагы кеңсесинин көзөмөлүндө турат.







