Бул окуя 6-июль күнү 2006-жылы туулган кыргызстандыктын үй-бүлөсү менен жашаган «Дачное» бакчасында болгон. Оңдоо иштери жүрүп жаткан жеринен кичинекей өрт чыккан. Жашы жете элек бала өрттү өчүрүүгө аракет кылып жатып колу менен бутун күйгүзүп алган.
Учурда өспүрүм Санкт-Петербург шаарындагы №1 шаардык балдар ооруканасынын күйүк бөлүмүндө дарыланууда. Жабырлануучунун абалы орточо деп бааланууда. Кыргыз жараны тиешелүү дарылоодон өткөндөн кийин 7-10 күндүн ичинде үйүнө чыгарылат. Бул маселе элчиликтин Санкт-Петербургдагы кеңсесинин (бөлүмүнүн) көзөмөлүндө, ага зарыл болгон бардык консулдук-укуктук жардамдар көрсөтүлүүдө.