Кечээ, 6-майда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери 3-майда Геленджик шаардык ооруканасында курулушта көчкөн жер көчкүдөн жабыркаган кыргызстандыкка барышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, кызматкерлер дарыгер менен андан аркы дарылоосун сүйлөшүшкөн. Тийиштүү жактар менен жолугушуулардын жыйынтыгында каза болгон үч кыргызстандыктын сөөгүн Кыргызстанга тез арада жөнөтүү, ошондой эле маркумдардын үй-бүлөлөрүнө тиешелүү кенемте төлөп берүү боюнча макулдашууларга жетишилген.
Орусиянын Геленджик шаарында курулуштан көчкөн топурактын алдынан үч кыргызстандыктын сөөгү табылган. Дагы бир Кыргыз жараны оор жаракаттар менен ооруканага жаткырылган.