Кара-Сууда милицияга пара берүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
18-март күнү Кара-Суу РИИБдин Тергөө кызматынын өндүрүшүндөгү кылмыш иши боюнча жүргүзүлүп жаткан тергөө иштерин оң тарапка чечүү максатында милиция кызматкерине 50 миң сом сунуштап, 20 миң сом акча каражатын берип жаткан учурда Кара-Суу районунун 1977-жылы туулган тургуну кармалган.
Азыркы учурда тергөө иштери улантылууда.