Өзгөндө эркек кишини бычып салууга айыпталып, камакка алынган кишинин жубайымын деген аял үн катып, учурда Орусияда экенин айткан. Аял жолдошу менен 20 жыл жашаганын, ортодо 5 баласы бар экенин айтып, буга чейин сабалып келгенин билдирген. Анын айтымында, жабырлануучу экөөнүн ортосунда эч кандай мамиле болгон эмес.
“Кой байлаган аркан менен байлап, жерге кулатып, буту менен басып, ура баштады. Аяшың менен жаткансыңбы деп баштады. Анын бул жерге эч кандай тиешеси жок. Бизде уруш чыкканда аялы экөө ажыратып кетчү. Ал бизге тууган болот. Күйөөм менен классташ. Бир мектепте окуганбыз. Кайын журттун сөзүнөн ушул окуя болду деп ойлойм. Аяшым экөөбүздүн ортобузда эч нерсе болгон эмес. Мен Кудай алдында акмын дедим”, — деген ал.
Ал арада социалдык тармактарда аялдын көгала болуп сабалгандан кийинки сүрөттөрү жарыяланды.
Кечээ, 16-ноябрда социалдык тармактын колдонуучулары Өзгөндө эркек кишинин бычылганын жазып чыгышкан. Ошондой эле окуянын видеосу тараган. Видеодон эркек кишинин «Башында ойлонуш керек эле да. Ушундай болуп калбайт бекем деш керек болчу» деп жатканын угууга болот.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине буга чейин окуя боюнча Ош ОИИБден маалымат беришкен.
- 14-ноябрь күнү саат 00:30 чамасында милицияга аймактык ооруканага 44 жаштагы жаран денесинен жараат алып кайрылгандыгы боюнча маалымат түшүп, каттоого алынган.
- 13-ноябрь күнү саат 22:00 чамасында Өзгөн районунун Куршаб айылынын 44 жаштагы тургуну өзү жашаган үйүнө ошол айылдын тургуну 44 жаштагы жаранды чакырып, үйүнүн короосунда өз ара пикир келишпестиктен уруша кетишип, натыйжада жаранга бычак менен денесине жараат келтирип, электр мамыга жип менен байлап койгон. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүндө (ден-соолукка оор залал келтирүү) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Аталган кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 44 жаштагы тургуну кармалып, камакка алынды.