Биринчи май райондук соту MCN Сoin иши боюнча кармалган Каржы рыногун көзөмөлдөө агенттигинин мурдагы жетекчиси Юруслан Тойчубековду 5-апрелге чейин камакка алды. Ал «каржы пирамидаларын уюштурган» деп шектелүүдө.
7-февралда MCN Coin криптоактивинин негиздөөчүлөрүнүн бири Исрадин Субанбеков буга чейин мыйзамсыз иш жүргүзүп келгенин, өлкөдөгү бардык аймакты кыдырып, элден акча чогултканын моюндаган. Ал долбоордун жүрүшүндө 2,5 миллион доллар топтой алышканын, бирок аны кайра элге кайтарып бере албасын айткан.
Ал эми 10-фервалда MCN Coin’дон жабыркаган 898 кишиге жалпы суммасы 1,7 миллион доллардан ашык акча кайтырылганы айтылган.