Министрлер кабинетинин төрагасы — президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев Саламаттыкты сактоо министрлигинин борбордук аппаратына министрдин милдетин аткаруучу Дамирбек Осмоновду тааныштырды.
Министрлер кабинетинин башчысы министрликтин алдында саламаттыкты сактоо системасын мындан ары өркүндөтүү, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, заманбап башкаруу жана санариптик чечимдерди киргизүү, саламаттыкты сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча милдеттер турганын белгиледи. Ал системада башталган реформаларды улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.










