Жекшемби, 12.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Эдил Байсалов: «Кымбатчылык маселесин президент жеке өзү көңүл чордонунда кармайт»

15:27 27.02.2026
0
Эдил Байсалов: «Кымбатчылык маселесин президент жеке өзү көңүл чордонунда кармайт»
«Азыркы учурда «бюджетибиз 3,5 эсеге көбөйүп, экономикабыз 10-11% өсүү темпи менен өнүгүүдө» деген сыяктуу жаңылыктар жарыяланган сайын, калкыбыз тарабынан «кымбатчылык» маселеси көтөрүлүп келет. Кымбатчылык маселеси боюнча мамлекет башчыбыз бизге өкмөттүн бирден бир негизги приоритет катары белгилеп, жеке өзү көңүл чордонунда кармайт. Өкмөт башчы жана жалпы финансы-экономикалык сектор бул маселе боюнча апта сайын атайын контролдоп, чараларды көрүүдө». Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов соцтармактагы баракчасына жазды.

«Бүгүн президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында өткөн жалпы республикалык кеңешмеде социалдык-экономикалык абал боюнча жасаган кеңири баяндамамда белгиленген бир маанилүү фактыны бул жерде дагы бөлүшүүнү туура көрүп турам.

Кымбатчылык азыркы учурда — бул глобалдык көйгөй. Дүйнө жүзү боюнча азык түлүк, күйүчүү май жана башка товарлар эбегейсиз кымбаттады. Бул пандемия учурунда башталып, азыркыга чейин токтобой келет. Геосаясий тоскоолдуктар, жакынкы жана алыскы чоң жана орто экономикалыра тарифтик жана башка чектөөлөрдүн киргизилиши да баалардын өсүшүнө таасирин тийгизди.

Биздин экономикага бул кризиске жакшы эле туруштук берип келе жатат, мисалы: ошол эле улуттук валютабыз беш жыл мурун канча сом болсо, азыр деле ушундай. Бирок экономикабыз чакан болгондуктан кыргыз өкмөтү глобалдык процесстерди башкарып, контролго алууга мүмкүлүгүбүз чектелүү болгонун эстен чыгарбашыбыз керек. Баалар дүйнө жүзүндө өсүп жаткан шартта, кайсы гана өкмөт болбосун, бул көрүнүш Кыргызстанга да таасир этмек.

Эми элестетип көрөлү. Мисалы, өлкө мурунку эле темп менен эле калганда, 2025-жылы орточо эмгек айлык акы 44,5 миң сом эмес, 23 миң эле сом болмок. Орточо пенсия да 7384 сомдон ашмак эмес, көпчүлүк пенсионерлер мурдагыдай эле 3–4 миң сомдун чегинде алышмак. Азыр болсо 8000 сомдон аз алган пенсионер жок, орточо пенсиянын көлөмү 11 238 сомго жетти», — деп жазды ал.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын жазганына караганда, эгер мурдагы темп сакталган бойдон калганда, глобалдык кымбатчылык кризисинин шартында калкыбыз олуттуу кыйынчылыктарга туш болуп, жакырчылык деңгээли кыйла жогоруламак экенин унутпашыбыз керек.

«Кымбатчылык маселеси бар жана бул багытта элдик өкмөт күнү-түнү иш алып барууда. Жергиликтүү өндүрүштөрдү ачуу, жаңы жумуш орундарын түзүү, экспорттук потенциалды жогорулатуу, ошондой эле социалдык колдоону күчөтүү боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө.

Буюрса, Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түштү. Азыркы темпти сактап калуу – башкы милдет. Баары жакшы болот деген үмүтүңүздөрдү жоготпоону чакырам. Эң негизи элибиздин ынтымагы, бийлик менен элдин ортосундагы ишеним. Башкасынын баарын багынта алабыз!» — деп жазды ал.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ош облусуна барат

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ош облусуна барат

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:57 10.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ош облусуна иш сапары менен барат. Мамлекет башчысы сапардын алкагында бир катар өнөр жай жана социалдык...

Аламүдүн районуна жаңы аким келди

Аламүдүн районуна жаңы аким келди

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:53 09.04.2026
0

Азамат Эргешов Чүй облусунун Аламүдүн районунун акими кызматынан бошотулду. Анын ордуна аталган кызматка Урмат Айтиев аким болуп дайындалды.

Эдил Байсалов Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалды

Эдил Байсалов Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:45 09.04.2026
1

Эдил Байсалов мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Ынтымак ордодон билдиришти. Буга чейин ал Министрлер...

Текебаев: «Садыр Жапаров: элдин даңктуу тарыхы — анын жаркын келечегинин бекем фундаменти»

Текебаев: «Садыр Жапаров: элдин даңктуу тарыхы — анын жаркын келечегинин бекем фундаменти»

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:50 09.04.2026
0

"Биз президент Садыр Жапаров менен «Династия, металл, ат» аттуу эмгегибиздин негизги идеяларын талкууладык". Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев...

БШК Жогорку Кеңештин депутаты Абдылдабек Эгембердиевдин ыйгарым укуктарын токтотту

БШК Жогорку Кеңештин депутаты Абдылдабек Эгембердиевдин ыйгарым укуктарын токтотту

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:21 08.04.2026
0

Бүгүн, 8-апрелдеги жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Абдылдабек Жолдошалиевич Эгембердиевдин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү