Эдил Байсалов мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Ынтымак ордодон билдиришти.
Буга чейин ал Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматынан кетерин айткан. Байсалов аталган кызматка 2021-жылдын октябрында дайындалган.






