Бейшемби, 16.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

«Желегибиз Кыргызстандын жүзү». Жапаров мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады

11:14 03.03.2022
0
«Ушак айтуудан, жалаа жапкандан да орозо кармоо зарыл». Садыр Жапаров Рамазан айынын башталышы менен куттуктады

«Элибиздин намысы, эркиндиги, сыймыгы болгон мамлекеттик желегибизди бийик кармайлы!» — деди президент Садыр Жапаров мамлекеттик желектин 30 жылдыгына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарада.

Мамлекет башчысынын сөзү:

«Урматтуу мекендештер, кымбаттуу кыргыз калкым, жалпы кыргызстандыктар! Тээ эзелтеден эле уңгулуу кыргыз журтчулугунда элдин башын кошуп, бириктирип турган улуу түшүнүктөр болгон. Алар атадан балага, муундан муунга ыйык таберик болуп сакталып өтүп келген. „Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып“ ынтымакташкан, бир туунун астында биригип, „Өлсөк бир чуңкурда, жеңсек бир дөбөдө бололу!“ деген ураандын астында жашап келген улуу кыргыз эли ошол ыйык табериктерге астейдил мамиле кылып, мына бүгүнкү күнгө чейин учугубуз уланып келип олтурат. Эң алды ошол бир туунун астында биригип келген, өз кезеңинде улуу мамлекеттерди куруп, урпактарга мурастап кеткен бабаларыбызга таазим этүү менен бүгүнкү салтанаттуу иш-чарада мамлекеттүүлүктүн белгилеринин бири болгон мамлекеттик желегибиздин кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы менен жалпы Кыргызстан элин чын жүрөктөн куттуктайм. Кыргыз мамлекеттүүлүгү мындан ары да чыңдалып, байрагыбыз бийик желбирей берсин!

Тарых бүктөмдөрүндө не деген гана улуу элдер болгондугу тууралуу улуу баяндар, кашкайган тарыхый чындыктар айтылып, алар ошол бойдон тарых беттеринде гана калып, башка элдерге сиңишип кеткендиги белгилүү. Ал эми „кыргыз“ этноними ошол улуу элдердин катарында болгондугун улам барган сайын тарыхый ачылыштар, алардын ичинде, тарыхтын далай окуяларына чогуу күбө өтүшүп, ирегелеш жашап келаткан улуу кытай элиндеги тарыхый маалыматтар дагы таасын тастыктап барат! Бүгүнкү күндө дал ошол улуу атын өзгөртпөй, эгемен кыргыз мамлекети болуп ааламдашуу процессине аралашып жашап келе жаткандыгынын өзү эле ошол улуу элдин урпактары болгон биз үчүн чоң сыймык. Себеби эчендеген кылымдарды баштан өткөргөн кыргыз элинде байыркы замандарда эле мамлекеттүүлүктүн бардык белгилери болгон. 3000 жылдан ашуун мезгил мурун эле кыргыз эли болгондугу тууралуу айтылып баштаган тарыхый маалыматтарда „Улуу кыргыз дөөлөтү“, „Улуу кыргыз каганаты“, „Алтын доор“ деген аттар менен тарыхта калгандыгын өзү эле өз мезгилинде ата-бабаларыбыз күчтүү мамлекет курууга жетишкендигин далилдеп турат. Борбор Азиянын бир өңүрүнө, кеңири мейкиндикке ээлик кылган көчмөн элди „Моголстандын арстандары“, „Түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыз, кырылган сайын күчөгөн кыргыз»деп тергелиши дагы жөн жерден айтылып калбаган чыгар…

Андан берки эле ооздон-оозго өтүп, муундан муунга мурас кылып айтылып келаткан, кыргыз элинин рухий жаназыгы саналган ошол эле «Манас» дастаныбызда:

«Ак асаба, кызыл туу,

Айгайлаган ызы-чуу.

Көк асаба, кызыл туу,

Көк жаңырган улуу чуу», — деп айтылып, мамлекеттүүлүктүн белгилеринин бири болгон туу менен кол башталары  айдан ачык айтылып олтурат. Ал эми бүгүнкү салтанаттуу иш-чарабызга байланыштуу алоолонгон от сымал кызыл түстөгү кызыл байрагыбыздын келбетине азыноолак токтоло кетким келип турат. Ооба, желегибиздин кызыл түстө болушу окумуштуулар, санжырачылар, тарыхчылар, изденүүчүлөр арасында бир топ пикирлерди жаратып келет. Ошентсе да алоолонгон түстөгү кыргыздын кызыл туусу тууралуу байыркы Орхон-Энесай жазууларында дагы эскерилип кеткени салмактуу аргумент боло алат го деген ойдомун.

Кандай болгон күндө дагы мындан 30 жыл мурун эл өкүлдөрү талашып-тартышып тактык жараткан талкуудан соң, кабыл алынган мамлекеттик желек тууралуу мыйзамды сыйлашыбыз абзел жана мыйзам үстөмдүгү өкүм сүргөн мамлекет катары бул мыйзамдын аткарылышын камсыз кылуубуз кажет.

Ал эми туубузга түшүрүлгөн түндүктүн, андан нуру чачырап турган күндүн элеси көргөндүн көз жоосун гана албастан, терең маанини берерин жаземдебей билебиз. Чындыгында эле улуу көчмөн маданиятынын белгиси болгон түндүк элибизде өз алдынчалыкты, ынтымак-биримдикти билдирип, бүтүн бир үй-бүлөнү таасын туюнткан өзгөчө символ. Эл оозундагы «түндүгүң түшпөсүн, чамгарагың бийик болсун, өзүнчө түндүк көтөрүп, түтүн булатып» деген түшүнүктөрдүн эзелтеден тарта эмдигиче айтылып келе жаткандыгынын өзүндө эле кандай сырдуу маани жатат.

Ошондуктан, туубузга атайын чегерилген түндүгүбүз Кыргызстанды тааныта турган бөтөнчө белги, бабалар мурастаган мөөр-тамга катары аздектелип, желбиреген желегибизге көрк берип турганы кубандырат. Ал эми өмүрдүн, түбөлүктүүлүктүн, мээримдүүлүктүн, тынчтыктын, теӊчиликтин айныгыс белгиси болгон күндүн 40 нурунун чачырап түшүп турганы 40 уруу кыргыз эли бир түндүктүн айланасына баш кошуп, бир бүтүн, биримдиктүү элди элестетери жамы журтубузга жакшы белгилүү.

Урматтуу мекендештер! Мамлекеттик символдор өлкөбүздүн баш мыйзамы болгон Конституцияда белгиленип, аларды пайдалануунун тартиби, ыйыктыгы мыйзам менен бекемделиши да тегин жерден эмес. Ага президенттик кызматка киришүү иш-чарасында ыйык тууга баш тийгизип, урмат көргөзүп, элге кызмат кылууга ант берүү салтанаты, өлкө сыртына чыкканда, эл аралык жолугушууларда мамлекеттик желектин илиниши, эл аралык тармактык мелдештердин жеңүүчүлөрүн жарыялоодо өлкөнүн туусунун бийик желбиреши жана башкалар таасын мисал болуп бере алат.

Президенттик кызматка киришкенде кызыл байрагыбыздын бир учун аяр кармап, башымды тийгизип ант бергеним, андан берки Токио олимпиадасындагы спортчуларыбыздын ийгиликтерди багынткандагы күн нуру чачыраган кызыл туубуздун бийик желбиреши «Мен кыргызстандыкмын!» деген жарандардын не деген мекенчил, не деген атуулдук сезимдерин козгободу, кубанычтын жашын кылгыртпады.

Бүгүнкү күндө желегибизди чет жерде желбиретип, мекендештерди дал ушундай кубанычка бөлөйм деген ар тараптуу өнүккөн атуулдарыбыз арбын. Өлкөмдүн бир тармагын өнүктүрүп, чет жерге таанытып, туу көтөрөм деген долбоорлору даяр демилгелүү жаштарыбыз четтен чыгат. Аларга болгону аз гана мамлекеттик колдоо, дем-күч жетишпей турат. Мен дагы өлкөмдүн атын алыска чыгарып, потенциалдуу тармактарын өнүктүрсөм, улутумдун өнүгүшүнө салым койсом деген жигердүү жаштарды жетем деген максатына жетелөөгө дилгирмин. Мен дагы өнүккөн Кыргызстанды көрүүгө куштармын жана ага бар күч-аракетимди жумшайм. Мен дагы Кыргызстанымдын эл аралык коомчулукта аброюн арттырып, туусун желбиретүүгө даярмын. Мына бизди — мамлекеттик бийликти эл менен байланыштыруучу улуу күч — кызыл туубуз, мамлекеттик желегибиз, түндүгү менен күн нуру куп жарашкан байрагыбыз!

Урматтуу кыргызстандыктар! Мамлекеттик желегибиз мекенибиздин сыймыгы, Кыргызстандын жүзү экенин эгерим эстен чыгарбайлы! Байрагыбыз бийик желбиресе, мекенге болгон сүйүү сезимибиз артат, атуулдук ариетибиз, ар-намысыбыз да кызыл туубуз менен бир катарда турарын билип, аны ар дайым урматтайлы. Кызыл туубуз кылымдарды карыткан тарыхта дагы, азыркы жашап жаткан заманыбызда дагы жана келечекте дагы биримдиктин, ынтымактын тиреги болуп келген, мындан ары дагы боло бермекчи. Ошондуктан, элибиздин намысы, эркиндиги, сыймыгы болгон мамлекеттик желегибизди бийик кармайлы! Мамлекеттик желегибиздин кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы менен дагы бир жолу чын дилимден куттуктайм!».

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

БШК №21 шайлоо округу боюнча Мирлан Жээнчороевди Жогорку Кеӊештин шайланган депутаты деп тааныды

БШК №21 шайлоо округу боюнча Мирлан Жээнчороевди Жогорку Кеӊештин шайланган депутаты деп тааныды

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:44 16.04.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-апрелдеги жыйынында Жээнчороев Мирлан Канатбековичке № 21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутатынын бош...

Маматалиев тажикстандык спортчуларды Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чакырды

Маматалиев тажикстандык спортчуларды Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чакырды

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:08 16.04.2026
0

Кечээ, 15-апрелде төрага Марлен Маматалиев Тажикстандын Жогорку Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Файзали Идизода менен жолугушту. Стамбул шаарында уюштурулган жолугушууда эки...

№21 шайлоо округунан талапкер Чыңгыз Айдарбековдун каттоосу жокко чыгарылды

№21 шайлоо округунан талапкер Чыңгыз Айдарбековдун каттоосу жокко чыгарылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:51 16.04.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-апрелде №21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Айдарбеков Чингиз Азаматовичтин талапкерликтен баш...

Президент: «Ноокатта 5 жылда 123 чакырым жолго асфальт басылыптыр. Дагы 91 чакырым жолдун оңдоп-түзөө иштери башталат»

Президент: «Ноокатта 5 жылда 123 чакырым жолго асфальт басылыптыр. Дагы 91 чакырым жолдун оңдоп-түзөө иштери башталат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:38 16.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 15-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ноокат районунун тургундары жана активи менен жолугушту. Мамлекет башчысы...

Маматалиев Астанадагы негизги көчөлөрдүн бирине Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгарууну сунуштады

Маматалиев Астанадагы негизги көчөлөрдүн бирине Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгарууну сунуштады

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:43 16.04.2026
0

Кечээ, 15-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Стамбул шаарында Казакстандын парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов менен жолугушту. Жолугушууда эки өлкө...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
КФБ президентинин кызматына талапкерлер көрсөтүлбөгөндүктөн, шайлоо өткөрүлгөн жок

Ташиев: "Эки жыл иштеп, өзүмө айлык же сый акы катары бир сом акча алган жокмун"

11:49 16.04.2026
Бишкекте ысык суу эмне үчүн жай мезгилинде эмес, эрте өчүрүлдү? Мэриянын маалыматы

Бишкекте ысык суу эмне үчүн жай мезгилинде эмес, эрте өчүрүлдү? Мэриянын маалыматы

09:52 16.04.2026
Маматалиев тажикстандык спортчуларды Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чакырды

Маматалиев тажикстандык спортчуларды Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чакырды

15:08 16.04.2026
Төө-Ашуу жана Өтмөктө кар жаап жатат

Төө-Ашуу жана Өтмөктө кар жаап жатат

16:49 16.04.2026
БШК №21 шайлоо округу боюнча Мирлан Жээнчороевди Жогорку Кеӊештин шайланган депутаты деп тааныды

БШК №21 шайлоо округу боюнча Мирлан Жээнчороевди Жогорку Кеӊештин шайланган депутаты деп тааныды

16:44 16.04.2026
Маматалиев тажикстандык спортчуларды Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чакырды

Маматалиев тажикстандык спортчуларды Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чакырды

15:08 16.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү