Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин Россияга жасаган расмий сапары алакаларды арттырууга багытталган аракеттерди айгинелеп тургандыгын баса белгиледи. «Биз сиздин Россия Федерациясына болгон расмий сапарыңызды жогору баалайбыз. Бул мамлекеттер жана парламенттер аралык мамилелерди чыңдоого болгон жалпы максатыбызды ишке ашырууга кошумча түрткү берет», – деди Валентина Матвиенко.
Ошондой эле ал жогорку деңгээлдеги жигердүү саясий диалог Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгынын оң динамикасын камсыз кылып жатканына токтолду. Атап айтканда, Владимир Путиндин Бишкек шаарына болгон сапарынын жыйынтыгында байланыштардын жаңы барагы ачылып, калыптанган стратегиялык өнөктөштүк жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн кошумчалады. Муну менен катар парламенттер аралык алакалардын маанилүүлүгүн айткан Федерация Кеңешинин төрайымы мамлекет башчылары да аталган багыттагы аракеттерди колдоп жатканын жүйө келтирди. «Биз жаңы демилгелерге, мазмундуу жана натыйжалуу кызматташтыкка үмүт артабыз. Бул эки тараптуу мамилелердин бардык багыттарынын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт», – деди ал. Мындан тышкары, Валентина Матвиенко экономикалык кызматташтыкка өзгөчө көңүл буруп, ыңгайлуу ишкердик чөйрөнү түзүү үчүн мыйзамдарды шайкеш келтирүү зарылчылыгын белгиледи.
Өз кезегинде Марлен Маматалиев Кыргызстан Россия менен түзүлгөн стратегиялык мамилелерди бекемдөөгө жана узак жылдардан бери калыптанган достук байланыштарды өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Айрыкча парламенттер аралык байланыштарды тармактык комитеттердин жана эл аралык уюмдардын алкагында да улантуу керектигине токтолду. Андан сырткары, төрага Кыргызстандагы акыркы парламенттик шайлоолордун жыйынтыгына токтолуп, айым депутаттардын көбөйгөнүн жана учурда 90 депутаттын 31и айымдар экендигин маалымдады. Ошондой эле төрага соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, мамлекет башчылары товар жүгүртүүнүн көлөмүн 5 млрд АКШ долларына жеткирүү максатын койгонун эске салды. Муну менен катар энергетика, айыл чарба, туризм жана транспорт тармактарында кызматташуу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин кошумчалады.
Жолугушууда эмгек миграциясы тууралуу маселелерге да өзгөчө көңүл бурулду. Россиядагы Кыргызстандын жарандары туш болуп жаткан көйгөйлөр белгиленип, өнөктөштүк мамилелерди эске алуу менен аларды чечүү багытындагы сунуштар айтылды.












