1-май күнү Өзгөн районунун борбордук аянтчасында шаар тургундары 30-апрель күнү Өзгөн шаарынын мэри Нодирбек Каримовдун ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө чыккан тескемесине нааразы болушуп, тынчтык митингин өткөрүшкөн. Анда алар президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасашып, тез арада чара көрүп берүүлөрүн суранышкан.
Март айында Өзгөндүн мэри Нодирбек Каримов мыйзамсыз жер бергендиги боюнча айыпталып жатканын Башкы прокуратурадан маалымдашкан.