Президент Садыр Жапаров коомчулукта талкуу жараткан маселелерге комментарий берди.
— Мыйзамсыз вебкам студияларды иштеткени үчүн соттолгон Даниэл Ажиевдин айланасында чоң талкуу болууда. Соцтармак колдонуучулары анын абактан тик учак менен учуп кетиши, чыгып алып байлыгына мактангандай жашоо образын соцтармакта көрсөткөнү сынга кабылууда. Кайсы бир деңгээлде бийликтин аброюна көлөкө түшүрүүдө дешүүдө. Ушуга кандай дейсиз? Сизге кайрылганыбыздын себеби – Ажиев сиздин ырайымдын негизинде бошотулуптур?
— Ооба, туура. Ырайым берип бошотконбуз. Мага Ажиевдин апасы кайрылган. Вотсап номеримди кимден алганын билбейм, түз видео кайрылуу менен кайрылган экен. “Келиним 4 баласы менен кыйналып жатат, бир баласы майып, жашоо-турмушубуз аябай оорлошуп кетти, балама ырайым берип чыгарып бериңиз. Балам мындан ары тартиптүү болуп, тынч жүрөт, мен кепилдик берем”, — деп.
Мен боорукер адаммын. Чындап эле ишенип, ырайым бердим. Бир эле Ажиевге эмес, ошол күнү жалпысынан оор эмес кылмыш кылган 75 соттолуучуга ырайым бергем. Анан эле мага “Ажиев түрмөдөн тик учак менен учуп кетип жатат” деген кабар келди. Дароо ошол замат тик учакты артка кайтартып, учкан ордуна кондурдук. Ошентип Ажиев машина менен үйүнө кетти. “Тик учак менен учуп кетти” деген маалымат чын. Бирок 15 мүнөт өтпөй учакты артка кайтартып, учкан ордуна кондурганбыз.
Учак боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигин күнөөлөп жаткандар да болуп жатканын мен да көрүп жатам. Бул жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эч кандай күнөөсү жок. Тик учактар өзгөчө кырдаалдардан сырткары коммерциялык буйрутмаларды дагы аткара берет. Күндө эле өзгөчө кырдаалдар боло бербейт да. Ошондуктан тик учактар өзүн-өзү акташ үчүн бош убактарда коммерциялык буйрутмаларды аткара беришине уруксат бергенбиз. Ким акчасын төлөп, буйрутма берсе учак кызмат көрсөтө берет. Ал жерде Ажиевди түрмөнүн жанынан алып кетүү деген буйрук болбойт. Учуп барып конуу локациясы, кайра учуп келип конуу локациясы, учуу сааты жана адамдардын саны гана көрсөтүлөт. Ошондуктан министрликти күнөөлөштүн кереги жок. Эгер кимде-ким тик учактын кызматынан пайдалангысы келсе, акчасын төлөп пайдалана берсеңер болот.
Ал эми Ажиев темасына кайтып келсек, мен дагы угар замат дендароо боло түштүм. Апасы “итке минип калдык” деп ыйлап атса, баласы болсо түрмөдөн тик учак жалдап учуп жатса, “мени алдаган экен да” деп. Негизи менин боорукерлигимден жана жумшак мамиле жасаганымдан көптөрү пайдаланышат. Бирок көпкө узашпайт. Жумшак кишилердин катуулугу кармаса таптакыр жазылбайт эмеспи.












i really enjoy reading such a greate article, keep up the wonderful work, check out my site at eiffeltower-ticketparis.com