Бейшемби, 26.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Садыр Жапаров: «Досума бир нече жолу «УКМКнын кадыр-баркын көтөр» деп эскерткем»

12:08 23.02.2026
0
Садыр Жапаров: «Досума бир нече жолу «УКМКнын кадыр-баркын көтөр» деп эскерткем»

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде күч түзүмдөрүн реформалоо боюнча масштабдуу өзгөрүүлөр даярдалып жатканын билдирди.

— Садыр Нургожоевич, Бул жолу УКМКнын мамлекеттик институт катары орду туурасында сөз кылсак. Бул тармакта же күч түзүмдөрүндө мурун-кийин жетекчилик кызматта иштеп кеткендер да, карапайым калк деле Союз маалында КГБда ким иштерин билчү эмес. Акыркы убакта атайын кызмат дарегине УКМКнын кызматкерлери каалаган жеринде кызматтык күбөлүгүн көтөрүп чаап, чекист деген атты булгап бүтүштү деген өңдүү сындар айтылууда. Коомчулуктун атайын кызматка карата мындай баалоолорунан кабарыңыз барбы?

— Албетте, кабарым бар. Бул боюнча тээ мурдатан эле досума бир нече жолу эскертип келгем. “Досум, УКМКнын кадыр-баркын көтөр. Мурдагы СССРдин КГБсындай баркы болуш керек. Антпесең, эл арасында “УКМКнын кызматкеримин” деп күбөлүгүн “камокторго” да көрсөткөн учурлар бар. Ушундай сын-пикирлерден арылалы” деп бир топ жолу айткам.

— УКМКнын айрым кызматкерлери мыйзамдуулукту бузууга жана кылмыш жасоого тиешеси бар деген шек менен кармалып жатканын көрүп жатабыз. Бул аларга эбегейсиз бийлик берилгенден болуп кеткен эмеспи? Анткени атайын кызмат дээрлик бардык тармакта, айталы, курулуштагы мыйзам бузууларга деле, базардагы эт баасына деле, интимдик кызмат көрсөткөндөргө деле каршы күрөшүп калганын көрдүк да?

— Дал ушул “интимдик кызмат көрсөткөндөргө каршы күрөш” боюнча видео жарыялашкан күнү эле чакырып алып: “Досум, бул тармакты ИИМге бер, бул алардын иши. Сен УКМКнын деңгээлин түшүрбө” деп айттым эле.

Ал эми коррупцияга аралашкан кызматкерлер боюнча азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Алар боюнча маалымат берүүгө болбойт.

— Кечээ жакында УКМКнын курамына кирген Чек ара кызматы менен Күзөт кызматын алардан бөлүп салдыңыз. УКМКнын алдыдагы реформасы тууралуу кененирээк айтып берсеңиз. Кайсыл багыттарда иш алып барат? Экономикалык кылмыштар, коррупция менен күрөшүү милдети калабы же башка органга өткөрүлөбү?

— Алдыда күч түзүмдөрү боюнча чоң реформа турат. Мен бул реформаны мурда эле жасай баштайын деп пландагам. Бирок ар кандай себептер менен улам жылдырылып келген. Эми буюрса, жакында баштаймын.

УКМК өзүнө тиешелүү иштер: чалгындоо, контрчалгындоо, конституциялык түзүлүштү коргоо, терроризм, экстремизм, бандитизм, баңгизаттарга каршы күрөш жана башка иштер менен алек болот. Ушул тармактар боюнча тергөө укуктары өздөрүндө калат. Экономикага киришпейт. УКМК эмне менен алек болуп жүргөнүн, ким анын кызматкери экенин эч ким билбеши керек. Реформадан кийин мурдагы КГБдай накта атайын кызмат болот.

ИИМ дагы өздөрүнө түздөн-түз тиешелүү милдеттер менен гана иш алып барат. Тармагына тиешелүү тергөө укуктары өздөрүндө калат. Албетте, тизме түзүлүп, кайсы укуктар кимге берилери мыйзам менен кабыл алынат.

Жаңы Тергөө комитети түзүлөт. Тергөөнүн баары аларга өтөт. Башкы прокуратура менен Аскер прокуратурасы болсо, баарынын үстүнөн мыйзамдуу иш алып барылып жатабы, ошону көзөмөлдөйт. Эмне үчүн Тергөө комитетин түзүп жатасыңар десеңиз, биз келечекти жана түбөлүктүүлүктү ойлошубуз керек.

Бүгүнкү күндө кандай? УКМКда да, ИИМде да экөөндө тең “ОРД” (ыкчам-иликтөө ишмердиги) жана тергөөчүлөр бар. Баарынын үстүнөн бир эле министр башкарат. Мисалы, “оперативник” иш алып келет, иш адилетсиз дейли мисалы, бирөөнү “подстава” кылып эле камап жатат дейли. Тергөөчүгө ишти өткөрүп бергенде тергөөчү “бул ишиң соттон өтпөйт” деп кабыл албай коёт. Анан тергөөчүнүн үстүнөн министр чалат дагы “кабыл алып, кылмыш ишин ач” деген буйрук берет. Тергөөчү айласы жок, амалы жок кылмыш ишин ачат. Ошентип азыркы учурда адилетсиз болуп жаткан фактылар жок эмес. Ал эми Тергөө комитети болсо түздөн-түз президентке баш иет. “Оперативник” менен министр алып келген чийки иштерди кабыл албай коёт. Иш козгобойт.

Албетте, адилетсиздикке кабылып жаткан жарандарыбыз камалбайт. Дароо коё берилет. Мына ушундай кылганыбызда гана адам укуктары 100 пайыз болбосо дагы, 95 пайыз сакталат. Келечек муунга коопсуздук камсыздалат. Экономикалык иштер деле ушундай болот. Эгер чындап кылмыш кылсаң камаласың, жалаа жабылып жаткан болсо бошотуласың. Эки башка орган бири-бирине баш ийбей, ортодо туура чечимдер чыгат. Бул иштер келечекте жасала турган иштер. Имараттарын, техникалык базаларын даярдайбыз. Жарлык чыгат, тиешелүү мыйзамдар Жогорку Кеңешке киргизилет, анан талкуудан өтүп кабыл алынгандан кийин уюштуруу иштери башталат.

Быйыл бизде ШКУ саммити, Көчмөндөр оюну өтөт. Ошого байланыштуу реформаны ишке ашырууга эмдиги жылы киришебиз.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

«Жаңы миграциялык демилгелер боюнча тынчсыздануубузду билдиребиз». Марлен Маматалиев Вячеслав Володин менен жолугушту

«Жаңы миграциялык демилгелер боюнча тынчсыздануубузду билдиребиз». Марлен Маматалиев Вячеслав Володин менен жолугушту

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:52 26.03.2026
0

Бүгүн, 26-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Россия Федерациясына жасаган расмий иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын...

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев расмий иш сапары менен Орусияга барды

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев расмий иш сапары менен Орусияга барды

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:51 26.03.2026
0

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттик делегацияны жетектеп, Россия Федерациясына расмий иш сапары менен барды. Аэропорттон Жогорку Кеңештин делегациясын Россия...

Минкаб төрагасы Казакстанга жумуш сапары менен барат

Минкаб төрагасы Казакстанга жумуш сапары менен барат

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:37 25.03.2026
1

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 26-27-март күндөрү Казакстан Республикасына жумуш сапары менен барат. Касымалиев жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык...

Ташиев Айт намазда ушак-айың, жалган жалаа тарап жатканын айтты

Ташиев Айт намазда ушак-айың, жалган жалаа тарап жатканын айтты

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:14 20.03.2026
0

20-март күнү УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Айт намаздан кийин элден кечирим сурап, өзү тууралуу жалган жалаа жана ушак-айың тарап...

Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү

Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:11 19.03.2026
0

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 19-мартта Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме болуп өттү. Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуялардын...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсүнө президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов жооп жазды

Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсүнө президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов жооп жазды

11:20 26.03.2026
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу жана “Жалал-Абад” аэропортунун курулуш иштери жүрүп жатабы? Облус башчысы кабар алды

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу жана “Жалал-Абад” аэропортунун курулуш иштери жүрүп жатабы? Облус башчысы кабар алды

09:08 26.03.2026
Соцтармактагы пикири үчүн соттолгон Эрнис Жээнтаев пробация менен бошотулду

Соцтармактагы пикири үчүн соттолгон Эрнис Жээнтаев пробация менен бошотулду

16:34 26.03.2026
«Жаңы миграциялык демилгелер боюнча тынчсыздануубузду билдиребиз». Марлен Маматалиев Вячеслав Володин менен жолугушту

"Жаңы миграциялык демилгелер боюнча тынчсыздануубузду билдиребиз". Марлен Маматалиев Вячеслав Володин менен жолугушту

17:52 26.03.2026
Соцтармактагы пикири үчүн соттолгон Эрнис Жээнтаев пробация менен бошотулду

Соцтармактагы пикири үчүн соттолгон Эрнис Жээнтаев пробация менен бошотулду

16:34 26.03.2026
Минкаб төрагасынын орун басары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашыруу боюнча жолугушуу өткөрдү

Минкаб төрагасынын орун басары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашыруу боюнча жолугушуу өткөрдү

15:23 26.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү