Мээрим Жуманазарова 68 килограмм салмактагы беттештин биринчи турунда казакстандык атаандашы Мадина Бакбергенованы 5:0 эсебинде утуп алды. Экинчи турда кыргыз балбан кыз кореялык спортчу Сужин Пакты 10:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.
Финалда Мээрим Жуманазарова кайрадан Мадина Бакбергеновага кез келет. Ал жарым финалда япониялык спортчуну утуп алды.