Бүгүн, 2-май күнү Кыргыз футболдук союзунун кеңсесинде КФС менен Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович ортосунда келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
«Мага болгон ишеним үчүн Кыргыз футболдук союзунун президентине ыраазычылык билдирем. Бизде чоң пландар бар, бардыгын план боюнча аткарууга аракет кылабыз», — деди словакиялык адис.