BRAVE Combat Federation уюмунун кезектеги Asian Domination мелдеши 11-мартта Бахрейнде өттү. Мелдешке кыргызстандык 3 мушкер катышкан. Үч спортчу тең жеңишке жетти.
Анда кыргызстандык спортчу Абдисалам уулу Кубанычбек филиппиндик Роландо Дайга каршы чыгып, атаандашы 2-раунддан кийин беттешти улантуудан баш тартып, кыргыз мушкери аталган уюмдун алкагында үчүнчү жеңишин камсыздады.
Андан сырткары Немат Абдрашитов орусиялык Анзор Абдулхожаев менен кез келип, каршылашын 2-раундда нокаутка кетирип, өзүнүн дебюттук беттешин жеңиш менен баштады.
Ал эми Рыскулбек Ибраимов филиппиндик Жинел Лауса менен октагонго чыгып, 5 мүнөттөн 3 раунд күч сынашып, жыйынтыгында калыстардын бирдей чечими менен кыргызстандык мушкер жеңип алды.











