Чемпиондор лигасынын 1/8 финалдык оюндарынын кезектеги беттештеринде мадриддик Реал менен Италиянын Бергамо шаарынын Аталанта клубтары кез келсе, экинчи оюнда Манчестер Сити мёнхенгладбахтык Боруссия клубуна каршы турду.
Реал Аталанта оюну Мадрид шаарындагы Альфредо ди Стефано стадионунда өттү. Беттеште мадриддик клуб 3:1 эсебинде жеңип, жалпы эсеп 4:1 болуп Реал Мадрид чейрек финалга чыкты.
Беттештин журүшүндө мадриддик клубдун чабуулчусу Карим Бензема 34-мүнөттө эсепти ачты. Оюндун 60-мүнөтүндө Реалдын капитаны Серхио Рамос 11 метрлик пенальтиден эсепти 2:0 го айландырды. Ал эми Аталанта клубунун чабуулчусу Луис Мурьел 83-мүнөттө гол киргизип эсепти кыскартты. Бирок мадриддик клубдун жарым коргоочусу Марко Асенсио дароо эле жооп кайтарып, 84-мүнөттө гол жаратып, Аталантаны бул чемпионаттан кол жуудурду. Жалпы эсеп 4:1 болуп Реал Мадрид чейрек финалга чыкты.
Ал эми бул түндүн бүйүр кызыткан дагы бир беттеши Манчестер Сити менен Боруссия М клубтарынын ортосундагы тирешүү болду. Беттеш Будапешт шаарындагы Ференц Пушкаш стадионунда болду. Оюндун эсебин 1-бөлүктүн 13-мүнөтүндө Манчестердин жарым коргоочусу Кевин Де Брёйне ачты. Ал эми 18-мүнөттө Илкай Гюндоган эсепти 2:0 айландырды. Ушуну менен калган 70 мүнөт аралыгында бир дагы гол жаралбай, беттеш Манчестер Ситинин жеңиши менен аяктады. Жалпы эсеп 4:0 болуп, чейрек финалга англиялык клуб жолдомо алды.