Чемпиондор лигасынын 1/8 финалдык оюндары жыйынтыкталып, чейрек финалга чыккан командалар аныкталды.
Бул жылы дортмунддук Боруссия, Порту, мадриддик Реал, Ливерпуль, мюнхендик Бавария, Манчестер Сити, лондондук Челси жана париждик Пари Сен-Жермен клубдары чейрек финалга жолдомо алышты.
Ал эми чейрек финалдын жуптарын тактоочу чүчүкулак 19-мартта Бишкек убактысы менен саат 17:00дө болот.