Кыргызстандык мушкер Каныбек Жаныбек уулу Naiza Fighting Championship уюмунун NFC 30 мелдешинин алкагында казакстандык Николай Самусаев менен кез келет. Беттеш 9-апрелде Казакстандын Алматы шаарында болот.
Николай Самусаев профессионалдык карьерасында 6 беттеш өткөрүп, жеңилүү ызасын тарткан эмес. Ал эми кыргыз мушкери 14 беттешке чыгып, 11 жолу жеңип, 3 жолу жеңилген.