Бүгүн, 6-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Астанада шаарында (Казакстан) 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган Кыргызстандын улуттук курама командасын узатуу аземине катышты.
“Бүгүн биз спортчуларыбызды V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына — дүйнө элдеринин салттарын, маданиятын жана спорттук демин бириктирген иш-чарага узатып жатабыз. Бул оюндар дүйнөгө рухтун күчүн, биримдикти жана тарыхый тамырларды сыйлоону көрсөтүү үчүн салт менен заманбаптык жолугушкан уникалдуу аянтча болуп саналат. Ушул жерде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын биринчи жолу уюштурган биз экенибизди сыймыктануу менен айткым келет. Футболдун мекени Англия, хоккейдин мекени Канада деп ошол өлкөлөрдүн жарандары дайыма сыймыктануу менен айтышат жана дагы кылымдар бою мындай сыймыктануу улана берет. Биз дагы көчмөндөр оюндарынын автору катары сыймыктансак болот”, — деди МинКаб төрагасы.
Акылбек Жапаров спортчуларды узатып жатып, кыргыз жаштарына ак тилегин ыр менен билдирген белгилүү акын Байдылда Сарногоевдин ырынан үзүндү окуду:
“Чоку болот тоолордун бийик жери
Чокудай бол кыргыздын жигиттери
Чок кармаган кол менен баатыр бол деп
Чоң атабыз үйрөткөн сени, мени”.
Министрлер кабинетинин төрагасы курама команданын капитаны Мирлан уулу Бактиярга тууну тапшырып, спортчуларга алдыдагы мелдештерде чоң ийгиликтерди каалады. “Сапарыңар ийгиликтүү болуп, жолуңар шыдыр болсун! Силерди жеңиш менен күтөбүз!” деп сөзүн жыйынтыктады МинКаб төрагасы.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин коомчулукта спортсмендерге стипендия төлөө тартиби боюнча жаралган талкууларга байланыштуу түшүндүрмө берүүнү зарыл деп эсептейт....
Кечээ, 15-апрелде Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти кызматындагы мөөнөтү аяктаганына байланыштуу өз ыйгарым укуктарын тапшырды. Жыйында ал кызматта турган...
Камчыбек Кыдыршаевич Ташиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти кызматындагы мөөнөтү аяктаганына байланыштуу өз ыйгарым укуктарын тапшырып жаткандыгын расмий түрдө маалымдады. Жалпы...
Бүгүн, 15-апрелде борбор калаадагы «Технопарк» борборунда Кыргыз футбол биримдигинин 2026-жылкы Кезектеги Конгресси орун алды. Конгресстин күн тартибине ылайык негизги маселелер...
12-апрелде Бишкек шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды. Мелдеш 6-апрелден 12-апрелге чейин Жаштык Арена спорттук комплексинде өттү. Бул тууралуу...