Бүгүн, 29-августта Кыргызстанга футбол жылдыздары Ривалдо жана Людовик Жюли Barca Experience иш-чарасына катышуу үчүн келишти.
30-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо “Барселона” клубунун легендалары менен Борбор Азиянын футбол ардагерлеринин беттеши өтөт. Беттешке Роналдиньо, Карлес Пуйоль, Эдгар Дэвидс, Ривалдо, Хидетоши Наката, Андрей Канчельскис жана башка футбол жылдыздары катышат.