Кыргыз Республикасынын тогуз коргоол боюнча курама командасы Баян-Өлгей шаарында (Монголия) өткөн Азия чемпиондугунда 19 медаль (3 алтын, 2 күмүш, 14 коло) жеңди. Мелдеш 4-12-август күндөрү өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Мелдешке 10 мамлекетен (Монголия, Кыргызстан, Казакстан, Бангладеш, Кытай, Филиппин, Орусия Федерациясынын Алтай жана Саха Республикалары, Өзбекстан, Түркия, Түркмөнстан) 200гө жакын спортчулар катышты.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
1-орун: Айзада Бактыбекова; Баимбет Сейдахматов; Нургыз Садырова.
2-орун: Кубан Сазаев; Айжан Закирова.
3-орун: Анарбек Джамакеев; Алтынай Шамбетова; Азиза Жамансартова; Гулайым Сагыналиева; Нурэл Султашев; Динислам Рахманов; Сыргак уулу Сырттан; Адина Асейева; Марсель Кудайбердиев; Ислам Султашов; Эркежан Асанкулова; Аэлита Сманова; Алмазбек Жеӊишбеков.