Япониянын соту адам өлтүрүү үчүн өлүм жазасына кесилген жана 50 жылга жакын убакыттан бери өлүм жазасын күтүп жаткан 88 жаштагы мурдагы профессионал мушкер Ивао Хакамаданы актаган.
Сидзуока префектурасынын аймактык соту Ивао Хакамадага түрмөдө адилетсиз отурганы үчүн 217 миллион иен (болжол менен 1,44 миллион доллар) компенсация төлөө тууралуу чечим чыгарды. Анын жактоочулары Хакамада 47 жыл жана жети ай мыйзамсыз түрмөдө отурганын, бул анын ден соолугуна олуттуу зыян келтиргенин жүйө келтирип, 2025-жылдын январында сотко доо арыз беришкен.
Хакамада 1966-жылы өзү иштеген заводдун жетекчисин, аялын жана эки баласын өлтүргөн деп камакка алынган. Ал күнөөнү мойнуна алган, бирок соттук териштирүүдө кыйноого кабылган үчүн мойнуна алууга туура келгенин айткан. Хакамадага каршы далил кан болгон кийим болгон, бирок анын жактоочулары кийим ага таандык эмес экенин айтышкан. Бирок түз далилдердин жоктугуна карабай, 1968-жылы сот мушкерди өлүм жазасына өкүм кылган. Өкүм 1980-жылы кабыл алынган. 2011-жылы ал Гиннесстин рекорддор китебине өлүм жазасына тартылууну эң көп күткөн адам катары киргизилген.
2014-жылы сотто Ивао Хакамаданын ДНКсы киши өлтүрүү болгон жерден табылган кандын генетикалык материалынан алынган ДНКга дал келбей турганы далилденген.